Абдраимов кетсин! Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлүн иштен кетирүүгө кол топтошот

11:26, 06 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Социалдык тармактарда өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимовдун отставкасын талап кылып, кол чогултула баштады. 

Фото

Активисттер жана журналисттер #Абдраимовкетсин деген хештег менен акцияны башташты. Кечээ Орок айылындагы окуяда аткаминер «Ала-Тоо 24» каналына гана түшүндүрмө бере турганын, калгандарына түшүндүрмө берүүдөн баш тартканын айткан видео тараган.

Анда аткаминер суроо узаткан кызга «сиздин жүзүңүз жагымсыз», -деп орой мамиле кылган.

Эске салсак, 5-июнда Орок айылындагы мечиттен чыгып бара жаткан 3 өспүрүм уруша кетишкен. Анда 2 өспүрүм 1 баланы сабап салышкан, кесепетинен бала жаракат алып ооруканага жеткирилген. Кийин урушуп кеткен балдардын туугандары 2 тарап болуп нааразычылык акциясына чыгышкан. Ортодо пикир келишпестиктер жаралып, 15 үйдүн терезелери талкаланып, чөп жыйылып турган 1 сарай өрттөлгөн.