УКМК Кыргызстанда жасалма паспорт даярдоо боюнча каналды таап чыкты

11:02, 06 июня 2019, Бишкек - 24.kg

УКМК Кыргызстанда жасалма паспорт даярдоо боюнча каналды таап чыкты. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, Стамбул шаарына учуп кетүүгө аракет кылган коңшу өлкөнүн 29 жаштагы жараны «Манас-аба майдан» көзөмөл-өткөрүү пунктунан жасалма паспорту менен кармалды. Ал Ислам Кодиров деген жаранга таандык паспортту алып жүргөн.

Текшерүү маалында паспорттун чыныгы ээси Ош облусунда туулган 2003-жылкы А.у.Б. экени аныкталды.

Ошол эле убакта «Манас» аба майданынын күтүү залынан аталган кылмыштуу топтун уюштуруучусу А.С. кармалды. Анын жанынан 1987-жылы туулган Пайзулло Насыровго таандык паспорт табылды.

УКМКнын маалыматына ылайык, А.С. аттуу жаран чет элдик жарандар үчүн Кыргызстандын паспортун жасалмалап сатып жүргөн.