Кайгуул-посттук кызматын реформалоо. 1 миң 24 рапорт жана арыз келип түшкөн

10:17, 06 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Бишкек шаардык Кайгуул милициясы кызматынын башкармалыгын түзүүнүн жүрүшү боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Белгилей кетсек, Бишкек шаардык Кайгуул милициясы кызматынын башкармалыгы учурдагы Кайгуул-посттук кызматынын жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын ордуна түзүлөт.

Президент Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы боюнча түзүлгөн ички иштер органдарын реформалоо боюнча жумушчу топтун сунуштарын ишке ашыруунун алкагында, 2019-жылдын 6-майынан 6-июнга чейин жаңы түзүлүп жаткан Бишкек шаардык Кайгуул милициясы кызматынын башкармалыгына кызматкерлерди тандоо боюнча ачык сынак өткөрүлүүдө.

Ички иштер министрлигинин орун басары Алмазбек Орозалиев тандоо сынагынын өтүүсү тууралуу маалымат берди.

«Бүгүнкү күнү 1024 рапорт жана арыз келип түшкөн. Алардын ичинен 308 арыз жарандардан, 716сы укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен келип түшкөн», — деди ал.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков белгилегендей, пилоттук долбоорду ишке ашырууда кызматтын материалдык-техникалык базасын бекемдөө каралган. «Пилоттук долбоор боюнча материалдык-техникалык базасын чыңдоого, анын ичинде жеңил унааларды, электрошокерлерди, борттук компьютерлерди жана башка атайын каражаттарды сатып алууга, ошондой эле атайын кийим менен камсыздоого 197 миллион сом бөлүү болжонууда», — деди ал.