09:42, 06 июня 2019, Бишкек - 24.kg
Орок айылында сабалган 2 бала Бишкектеги шаардык балдар ооруканасына тез жардам менен жеткирилген. Алардын баш мээси чайкалган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жабырлануучулардын бири 2003-жылы туулган. Ага жабык түрдө баш мээси чайкалган деген диагноз коюлуп, нейрохирургияда жатат. Экинчиси дагы ушундай эле диагноз менен жатат. Анын баш мээси дагы жаракат алган. Бүгүн ал жандандыруу бөлүмүнөн жалпы палатага которулат.
Экөөнүн абалы туруктуу.
Эске салсак, 5-июнда Орок айылындагы мечиттен чыгып бара жаткан 3 өспүрүм уруша кетишкен. Анда 2 өспүрүм 1 баланы сабап салышкан, кесепетинен бала жаракат алып ооруканага жеткирилген. Кийин урушуп кеткен балдардын туугандары 2 тарап болуп нааразычылык акциясына чыгышкан. Ортодо пикир келишпестиктер жаралып, 15 үйдүн терезелери талкаланып, чөп жыйылып турган 1 сарай өрттөлгөн.