Жыл башынан бери Балдар үчүн ишеним телефону-111 борборуна 47 миң 726 чалуу келип түшкөн. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, алардын арасынан 799 киши кеңеш жана жардам сурап кайрылышкан.
Аталган борбордун директору Марина Жапаркулованын айтымында, жарандар үй-бүлөлүк мамилелер маселеси жана чыр-чатактар боюнча кайрылышкан. Мындан тышкары үй-бүлөдөгү зомбулук, ата-энелер менен балдардын мамилеси, окуучулар менен мугалимдин ортосундагы мамиле, билим берүү жана медициналык камсыздоо, интернет оюндарынын жайылышы сыяктуу көйгөйлөр менен кайрылгандар болду.

