Чүйдө унаа айдап качканга шектүү делген 2 өспүрүм кармалды

17:15, 03 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Москва РИИБнын кызматкерлери унаа айдап качканга шектүү делген 2 өспүрүмдү кармады. Бул тууралуу ОИИББдан маалымдашты.

Милицияга Беловодское айылынын тургуну арыз менен кайрылган. Ал 30-майга караган түнү белгисиз бирөөлөр короосундагы унаасын айдап качып кеткенин айткан.

«Аталган окуяга шектүү катары 17 жана 16 жаштагы балдар кармалды. Экөө тең жергиликтүү тургун болуп чыкты. Алар РИИБга жеткирилди», -деп билдиришти ОИИББдан.