13:45, 03 июня 2019, Бишкек - 24.kg
Талас районундагы жол кырсыгында 10 киши ар кандай жаракаттарды алды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Жол кырсыгы 2-июнда саат 22:25 чамасында Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 59-чакырымында болгон.
Маалыматка ылайык, «Ауди-С4» үлгүсүндөгү унаа менен «Хонда-Одиссей» үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Кесепетинен 10 киши ар кандай жеңил жаракаттарды алышкан. Алар облустук жана Чат-Базар айылындагы ооруканага жаткырылган.