Бишкекте коррупцияга каршы митинг болбой калды, бирок талаптар айтылды

10:35, 03 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Жарандык активист Рита Карасартова Жогорку Кеңештин имаратынын алдына келди. Ал президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жөнөтө тургандыгын айтты.

Фото

Анда УКМКдан коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кызматты бөлүү талабы айтылган. Анткени жабык орган коррупция менен күрөшүүдө керектүү деңгээлде иш алып бара албай жатат. 

Рита Карасартова коррупциялык иштер боюнча соттук отурумдардын таза жана так болуусун суранды.