«Кыргызтемиржолу» ишканасында буу казан жарылды

10:14, 03 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Бүгүн Бишкектин Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан «Кыргызтемиржолу» ишканасына караштуу имаратта таңкы саат 8.50лөр чамасында жарылуу болду. Бул тууралуу аталган ишкананын басма-сөз катчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, имараттагы буу казан жарылган.

«Кыргыз Темир жолу» мамлекеттик ишканасынын башкы инженери Николай Лиличенконун айтымында, 4 адам жаракат алган.

«Бүгүн саат 8:50 чамасында ысык суу даярдалуучу идиш жарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 4 адам жаракат алып, баары ооруканага жеткирилди. Каза болгондор жок. Буга чейин мындай окуя болгон эмес. Ошондуктан кырсыкка алдын ала эмне себеп болгонун айта албайм», -деди ал.