УКМК милициядан турган кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармады

17:55, 31 мая 2019, Бишкек - 24.kg

УКМК милициядан турган кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, 30-майдаУКМКнын кызматкерлери Чүй областынын криминалдык милиция кызматынын жетекчисинин орун басары, К.Р. жана Москва райондук ИИБнын криминалдык милиция кызматынын кызматкери К.К.бны мылтык, ок-дары жана жасалма мамлекеттик номерлерди бирөөлөргө берип жаткан жеринен колго түшүргөн.

Кармалган кылмыштуу топ чет өлкөдөн дүңүнөн товар ташып келген ишкерлерди жана аткезчилик жол менен 5 миллион доллар акча каражаттарын ташыгандарга карата кол салууну пландап жатышкан.

Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.