Чүйдө мас абалда чатак чыгарган МЖАКтын кызматкери иштен айдалды

16:08, 31 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Чүй облусуна караштуу Жайыл районунда мас абалда чатак чыгарган МЖАКтын кызматкери иштен айдалды. Бул тууралуу МЖАКтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чуулгандуу видеого түшүп калган кызматкер № 27 түзөтүү колониясынын башчысынын орун басары болуп иштечү.

«МЖАКтын ички иликтөө кызматы иликтөөнү аяктады. Мас кызматкердин күнөөсү толугу менен далилденди. Ал аталган кызматтан бошотулду», -деп жазылат маалыматта.