«КТ-мобайл» ишканасы 2018-жылга чейин киреше тапкан эмес

09:59, 31 мая 2019, Бишкек - 24.kg

«КТ-мобайл» ишканасы 2018-жылга чейин киреше тапкан эмес. Бул боюнча бүгүн депутаттык комиссиянын жыйынында айтылды. 

Эсептөө палатасынын маалыматында, 2004-жылы түзүлгөн ишкана 2007-жылга чейин эч кандай чарбалык иштерди жүргүзгөн эмес. Бухгалтердик эсепте 2007-жылы 50 миң сом турса, кийин ал 100 миң сомго көбөйтүлгөн. 

2014-жылдан тарта "КТ-мобайл" ишканасынын чыгымдары көрсөтүлө баштаган. Ал жылы 10 миң сом,  186 миң сом, 2016, 232 мин сом чыгым болгон.