Казакстанда граната сатууга аракет кылган үч адам кармалды

08:34, 31 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Казакстандын Алматы облусунда жардыруучу заттарды сатууга шектелип үч жаран кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитети (УКК) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, шектүүлөр облустук департаменттин кызматкерлери тарабынан 28-майда «граната сатуу аракети маалында» кармалышкан. Алардын жанынан РГД-5 системасындагы сегиз граната табылган.

Учурда бул иш боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.