Ош облусундагы ооруканада алган жаракатынан улам 8-класстын окуучусу көз жумду

15:14, 30 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Ош облусундагы ооруканада алган жаракатынан улам 8-класстын окуучусу көз жумду. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15 жаштагы Самат Акматовду теңтайлаш бала бычак менен сайып салган.

«Шектүү кармалды. Анын айтымында, ал медреседе окуйт. Алдын ала алынган маалыматка ылайык, каза болгон бала менен шектүүнүн ортосунда пикир келишпестик жаралган. Уруш маалында бири экинчисине бычак сайган. Иликтөө жүрүп жатат», -деп билдиришти ОИИББдан.