00:50
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Экс-президенттин иш бөлмөсүн тыңшоо. Сотко чейинки өндүрүш башталды

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин иш бөлмөсүнө тыңшоочу аппарат коюу аракети боюнча билдирүүлөр Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Аскер прокуратурасы 24-майда маалыматты бирдиктүү реестрге «Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу», «Кат алышуулардын купуялуулугун бузуу» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча каттаган.

Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринин жобосунун талаптарына ылайык, сотко чейинки өндүрүштү баштоого кылмыш же жорук жасоого даярдык жүрүп жатканы тууралуу түшкөн арыз негиз болуп бере алат. «Иштин жагдайларын аныктоо үчүн сотко чейинки өндүрүш башталды. Алмазбек Атамбаевдин расмий арызы Башкы прокуратурага 27-майда түшкөн. Кайрылууну бул факт боюнча ага чейин эле башталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдарына тиркедик. Анын жүйөөлөрү кылдаттык менен текшерилип чыгат. Териштирүү иштеринин жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет», — деп билдиришти Башкы прокуратурадан.

Кошумчалай кетсек, 24-майда КСДП Атамбаевге таандык «Форум» ишканасында иштейм деген адам өзүн УКМК кызматкерлери «кызматташууга» чакырганын, натыйжада экс-президенттин жана анын санаалаштарынын иш бөлмөлөрүнө тыңшоочу аппарат коюуну талап кылышканын баяндаган видео тараткан. Экс-президенттин жансакчысы Дамир Мусакеев муну Алмазбек Атамбаевдин коопсуздугу үчүн коркунуч катары мүнөздөгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар