Быйыл Кыргызстандын 363,4 чакырым жолуна асфальт төшөө пландалган

11:07, 30 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Быйыл Кыргызстандын 363,4 чакырым жолуна асфальт төшөө пландалган. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бюджеттин эсебинен 126,6 чакырым жол асфальтталат. Ошондой эле Балыкчы-Тамчы-Корумду унаа жолунун 7 чакырымына асфальт төшөлөт.

«Мамлекеттик капиталдык салымдын эсебинен 179,9 чакырым жолго асфальт төшөлөт. Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык, Ак-Сай-Рават жана башка унаа жолдору оңдолот», -деди министрликтен.