21:34
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

«Супер-Инфо» эми миллионер. Инстаграмда эң коп окулган гезит аныкталды

«Супер-Инфо» гезитинин instagram социалдык баракчасына жазылгандардын саны 1 миллионго жетти. Бул тууралуу басылма кабарлайт.

««Супер-Инфонун» 17 жашын утурлай (гезиттин биринчи саны 2002-жылы 31-майда чыккан) гезитибиздин расмий Инстаграм баракчасындагы (super_info_official) катталуучулардын саны 1 миллионго жетти! Өлкөдөгү эң көп нускалуу гезит Кыргыз мамлекетиндеги маалымат каражаттарынын, дегеле компаниялардын арасынан мындай көрсөткүчкө биринчилерден болуп ээ болуп отурат. Талыкпаган эмгек жана окурмандар менен тыгыз байланыштын аркасында ушундай ийгиликке жетип отурабыз. Көп жылдар бою гезит эң көп нускасы менен лидер болуп келсе, эми социалдык тармактарда да биринчиликке жетти», — дейт редакция.

Белгилей кетчү жагдай, «Супер-Инфо» гезити көптөгөн медиа-иликтөөлөрдүн («Жыл тандоосу», «Жылдын нускасы», «Эң көп жазылуучусу бар газета», «Эң таасирдүү газета», «Эң окумдуу газета» жана башка) жыйынтыгы менен ар дайым биринчиликти бербей келет.

Гезиттин редакциясы ар бир окурманга, өнөктөштөргө, ар бир катталуучуга терең ыраазычылык билдирет.

Эң көп окулган жаңылыктар