09:51, 30 мая 2019, Бишкек - 24.kg
Бишкекте Чыңгыз Айтматов проспектисинде жаңы салынган көп кабаттуу үйдө өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, үйдүн 10-кабатында жыгач устундар жана тактайлар күйгөн.
Өрттүн келип чыгуу себеби, электр зымдарынын кыска чыңалышуусу болгон.