14:54
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Асел Касмакунова: Кара жоргону кыргыздар эле эмес, башка улуттар дагы үйрөнүүдө

Чоң-кичине дебей бийлеген «Кара жорго» бийи менен бирге аты уйкаш топ дагы белгилүүлүккө жетише алды.

Өлкөгө кыргыздын унутта калган улуттук бийин алып чыгып, жаңылык киргизген «Кара жорго № 1» тобунун бир мүчөсү Асел Касмакунова 24.kg агенттигине топтун чыгармачылыгы тууралуу баян кылып берди. 

— Кара жорго ыры жана бийи менен таанылдыңыз, азыр деле той-топурларга ушул ыр үчүн чакыргандар болобу?

— Той-топурларга ушул ырдын аркасы менен барып жүрөбүз. Кара жорго менен өзүбүздүн ойлоп жүргөн максатыбызга жеттик десем болот. Мекенчил жаштар катары кыргыздын маданиятына салым кошсок деп жүргөнбүз, бул ишке ашты. Кыргыздын бийлери архивде калсын деп болгон акча каражатын чогултуп, клип тартып, чыгармачылыкка коротконбуз. Атайын жакшы формаларды тиктирип, ырыбыз жана клип мыкты чыксын деп бар күчүбүздү жумшадык.

Кара жоргонун арты менен 2 жыл мурда Москванын мэриясы чакырып, ал жакка барып концерт коюп келдик. 

— Бий өнөрү менен ырчылык кесипти аркалаганыңызга канча жыл болду?

— Бул эки өнөрдү бирдей алып келе жатам. Кичинемден эле өз алдымча ырдап, бийлегенге кызыгуум күч эле. Эч кандай бий ийримдерине катышкан эмесмин. Өзүмдүн аракетим менен сахнага чыктым. Ырчылык боюнча да атайын билимим жок, алдыда бул жаатта билим алуу планым бар. Ырларымдын баары бийдин коштоосунда болот, башка ырчылардан айырмам ушул. Канчалаган ырчылар бар бийлегенди билбейт, бийчилер бар ырдаганды билбейт, мен ырдап бийлейм.  

— Атайын бий тобун ачуу тууралуу пландарыңыз барбы?

— Бийди үйрөнөм деп кайрылгандар аябай көп. Айрыкча, тойдо бийлеп бүткөндөн кийин келип сурангандар бар. Мындан улам бий үйрөтөлү деп мектепте атайын ийрим да ачканбыз. Учурда убакыттын тардыгынан токтоп турат. 

Бийди үйрөнүүгө жеке эле кыргыздар эмес, башка улуттар дагы кызыкдар.

Кээде орустар дагы кайрылып, үйрөтчү деп сурангандар болот. Алар аба майдандан кара жорго бийлеп досторун тосуп алыш үчүн үйрөнүшөт.

— Имиджиңизди өзгөртүп чыгуу планыңызда барбы, мисалы чачыңыздын түсүн өзгөртүп, кыска кыркат белеңиз?

— Имиджимди өзгөртүшүм мүмкүн, андай жаңыланууларга даярмын. Жакында эле ырчы Бактияр Токторовго таандык «Туулган күн» аттуу ырды аткарып чыктым. Анда чачымды жасап, шым кийип чыктым. Эл «эмне өзгөрүп кеттиңби?» дешүүдө. Бирок, көз-каштарым өзүмдүкү, буга чейин татуаж жасаткан эмесмин. Бул нерседен корком. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума