Кыргызстандын тургуну соттолгон жаранды чек арадан алып өтүүгө аракет кылган

16:47, 29 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын тургуну соттолгон жаранды чек арадан алып өтүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн «Чон-Капка-автодорожный» өткөрүү бекетинде Ford-Transit үлгүсүндөгү унаанын текшерүүгө алынып, анда үстүнө одеял менен жаап жашырылган жаран табылган.

Жашырынган жаранга соттун чечими менен Кыргызстандан чыгууга тыюу салынгандыгы аныкталды.

Тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган 2 киши укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.