16:53
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Өлкөдө январь айынан мартка чейин расмий түрдө 74,9 миң жумушсуз жаран катталган

2019-жылдын январь айынан мартка чейин расмий түрдө 74,9 миң жумушсуз катталган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык калкты иш менен камсыздандыруу кызматы органдарына иш издеп кайрылгандардын саны 99,5 миң кишини түзгөн. Былтыркы жылга салыштырмалуу көрсөткүч 19,2 пайызга өскөн. Ал эми жумушсуздардын саны 28,3 пайызга көбөйгөн.

Жумушсуздардын басымдуу бөлүгү Жалал-Абад (25 миң 827), Ош (18 миң) жана Баткен (10 миң 953) облустарында жашайт.

Эң көп окулган жаңылыктар