Жогорку Кеңеш өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнүн талапкерлигин жактырды

15:23, 29 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңеш өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнүн талапкерлигин жактырды. Чечим бүгүнкү отурумда кабыл алынды.

Маалыматка ылайык, экономика министри кызматына Санжар Муканбетовдун, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматына Эркинбек Чодуевдин, өкмөттүн аппарат жетекчиси — министр кызматына Самат Кылжыевдин, ошондой эле маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагалыгына Дастан Догоевдин талапкерлиги сунушталган.

Депутаттар талапкерлерди бир добуштан колдошту.