01:50
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Ноокатта 2 кабаттуу сарай өрттөнүп кетти

Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Өрмөк айылында 2 кабаттуу сарай өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык Ак-Жол көчөсүндө болгон.

Анын кесепетинен 2 кабаттуу сарайдын 133 чарчы метр чатыры жана 400 түк чөп күйгөн. Кырсык балдардын от менен ойноосунан улам келип чыккан.

Ошондой эле Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Максат айылында 60 гектар аянттагы чөп өрттөнүп кетти. Учурда өрттүн чыгуу себеби такталууда.

Эң көп окулган жаңылыктар