Депутат Абдыкалык Рустамовдун эмне үчүн кызматтан алынбай жаткандыгына кызыкты

12:21, 29 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин депутаттары Курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамовдун эмне себептен кызматтан алынбай жаткандыгын сурап кызыгышты.

Улугбек Ормонов билдиргендей, көп сөгүш алган аткаминер кызматтан кетиши керек.

«Коопсуздук кеңеши аны кызматтан алуу боюнча сунуш берди. Ал болсо өзүнүн ордуна айдоочусун Женевага жөнөтүптүр, сиз болсо башынан сылап отурасыз. Анын эмне кол тийбестиги барбы?», -деп сурады депутат.

Мухаммедкалый Абылгазиев Коопсуздук кеңешинин каты каралып жатканын айтты. Ал жыйынтык көрсөтө албаган баардык мамлекеттик агенттиктердин жетекчилерине карата чара көрүүгө убада кылды.

Эске салсак, Абдыкалык Рустамов боюнча чечимди өкмөт башчы апрелден бери кабыл ала албай келет. Коопсуздук кеңеши сунушту 19-апрелде айткан. Жогорку Кеңештин бир отурумунда Мухаммедкалый Абылгазиев бул маселени караганга убактысы болбогонун айтып, мойнуна алган болчу.