Бишкек мэриясы Ала-Тоо аянтына жазуу калтырган бейбашты издеп жатат

10:38, 29 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкек мэриясы Ала-Тоо аянтына жазуу калтырган ээнбашты издеп жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 

Маалыматка караганда, белгисиз жаран dan4o_x деген жазууну борбордук аянтка жазып кеткен. «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери жазууну өчүрүп, жуушмакчы.

Айрым көңүл кош карабаган жарандардын жардамы менен бейбаштын социалдык түйүндөгү аккаунту табылды. 

Фото

Бишкек мэриясы милицияга кайрылып, бейбашты таап аны мыйзам чегинде жазалоону суранды.