Жогорку Кеңеште жаңы депутат Айнура Аскарова ант берди

10:24, 29 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңеште жаңы депутат Айнура Аскарова ант берди. Ал «Кыргызстан» партиясынан мүчө катары келди.

Кошумчалай кетсек, Айнура Аскарова Жусуп Баласагын атындагы КУУнун журналистика факультетин 1998-жылы аяктаган. Ал «Эркин-Тоо» гезитинде жана «Замандаш» журналында иштеген.

Буга чейин депутат Айтмамат Назаров башка кызматка кеткенине байланыштуу мандатын тапшырып, анын орду бош калган.