Бишкекте окуучулар согушуп, бирөө каза болду

09:30, 29 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкекте № 48 мектептин окуучулары согушуп, 9-класстын окуучусу каза болду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окурман жазды.

Бишкек ШИИББ аталган окуяны тастыктады.

«28-майда түнү № 3 балдар ооруканасына денесинен ар кандай жаракаттарды алган өспүрүм келип түшкөн. Дарыгерлер дароо милицияга билдиришкен. Алдын ала алынган маалыматка ылайык, 27-майда окуучулар арасында пикир келишпестик жаралып, согушуп кетишкен. Жабырлануучу өзүнө келбей каза болду», -деп айтылат маалыматта.

Согушкандардын өздүгү такталууда.