Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолу маал-маалы менен жабылат

17:55, 28 мая 2019, Бишкек - 24.kg

29-майдан 31-майга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолу маал-маалы менен жабылат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Боом капчыгайынын 131-132-чакырымында атайлап таш кулатуу иштери жүргүзүлөт.

Аталган аймакта 40тай унаа кезек күтүп турган болсо, таш кулатуу иштери токтотулуп, унааларга жол берилет. Ушул жума ичи иштер толугу менен аяктайт.