Өлкөдө ВИЧ инфекциясы катталгандан бери вирустан 1 миң 952 киши каза болгон

16:40, 28 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда ВИЧ инфекциясы катталгандан бери вирустан 1 миң 952 киши каза болгон. Бул тууралуу журналисттерге «СПИД» Республикалык борборунун башчысы Үмүт Чокморова билдирди.

Анын айтымында, ушул жылдын 1-мартына карата өлкөдө ВИЧ менен жабыркаган 9 миң 800 учур катталган. Анын 658и жаш балдар.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 100 миң кишиден ВИЧ менен жабыркаган 13 учур катталды.