10:10, 28 мая 2019, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандыктар Мусулмандар дин башкармалыгынын эсебине битир-садаканы «РСК Банктан» которо алышат. Бул тууралуу муфтият билдирди.
Маалыматка ылайык, КМДБ менен аталган банк Рамазан айында битир-садака берүү үчүн, электрондук системаны иштеп чыгышты. Акчаны мечитке алып келбей, банкомат, терминал же RSK24 «РСК Банк» мобилдик банкинг аркылуу төлөм жүргүзсө болот.
Бул жылы битир-садаканын баасы киши башына 35 сомдон 480 сомго чейин эсептелди.