USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Президент иш сапары менен Казакстан, Индия жана Сауд Арабиясына барат

09:50, 28 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков жакынкы күндөрү иш сапары менен Казакстан, Индия жана Сауд Арабиясына барат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

28-29-майда, Казакстандын Нур-Султан шаарында мамлекет башчысы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин мааракесине катышат. 30-майда, Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин чакыруусу менен Индияга иш сапары менен барат. Анын жүрүшүндө индиялык лидердин инаугурация аземине катышат жана эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Мындан тышкары, 31-майда, Эки Ыйык мечиттин көзөмөлдөөчүсү, Сауд Арабия Королу Салман бин Абдель Азиз Аль Сауддун чакыруусу менен Сауд Арабияга учат жана Мекке шаарында өтө турган Ислам Кызматташтык Уюмунун 14-Саммитине катышат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика