07:25
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

УКМК: Алмазбек Атамбаев кайтаруусуз калган жок

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеевдин камалышы боюнча маалымат таратып, «мурдагы мамлекет башчы кайтаруусуз калды» деген сөздөрдү четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматта «Мамлекеттик кайтаруу жөнүндө» мыйзамга ылайык, президентке, экс-президентке, парламенттин төрагасына, өкмөт башчыга, Жогорку соттун төрагасына, Жогорку Кеңештин депутатынын өмүрүнө коркунуч жаралган учурда жана чет мамлекеттен жогорку кызмат адамдары келген учурда жансакчы берилет», -деп жазылат. Ошондой эле УКМК экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчыларынын саны мурдагыдай эле кала берээрин кабарлаган.

Буга чейин Асел Кодуранова жетекчилик кылган Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) айрым мүчөлөрү «бийлик Дамир Мусакеевди камоо менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин коопсуздугуна шек жаратууда» деп айтып чыгышкан.

Ошондой эле 24-майда КСДП Атамбаевге таандык «Форум» ишканасында иштейм" деген адам өзүн УКМК кызматкерлери «кызматташууга» чакырганын, натыйжада экс-президенттин жана анын санаалаштарынын иш бөлмөлөрүнө тыңшоочу аппарат коюуну талап кылышканын баяндаган видео тараткан. Экс-президенттин жансакчысы Дамир Мусакеев муну Алмазбек Атамбаевдин коопсуздугу үчүн коркунуч катары мүнөздөгөн. Бирок, атайын кызмат бул маалыматты четке каккан.

24-майда Бишкектин Свердлов райондук соту Мусакеевди УКМКнын 9-башкармалыгын (мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматы) жетектеп турганда кызматтык батирлерди мыйзамсыз бөлүштүргөн деген негизде беш жылга эркинен ажыратып, ал сот залынан камакка алынган.

Дамир Мусакеев бул кылмыш ишин экс-президент менен мамилеси жакшы болгондуктан саясий куугунтук катары баалаган. Асел Кодуранова жетекчилик кылган КСДП да муну бийликтин куугунтугу катары баалап жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар