Бишкекте унаанын айдоочусу велосипедчен кызды сүзүп кетти

16:40, 27 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкекте «Mercedes Benz» үлгүсүндөгү унаа велосипедчен кызды сүзүп кетти. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Кырсык бүгүн саат 13:25те Кайназаров менен Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишинде катталды.

«Айдоочу 13 жаштагы кызды сүзүп алды. Жабырлануучуну тез жардам алып кетти. Унаа айып төлөөчу жайга киргизилди», -деп билдиришти башкармалыктан.