16:26, 27 мая 2019, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда 3 жыл ичинде балдарга карата кылмыштуулуктун саны өстү. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Башкы прокуратурадан билдиришти.
2018-жылы өспүрүмдөргө карата 1 миң 368 кылмыш катталган. 2017-жылы 1 миң 107, ал эми 2016-жылы 862 кылмыш каттоого алынган.
«2017-жылы кылмыштардын саны 28 пайызга көбөйгөн. Былтыр 24 пайызга көп катталды. Жыл сайын өсүү динамикасы байкалууда. Былтыр Бишкекте балдарга карата кылмыштар 62 пайызга, Талас облусунда 60 пайызга, Ош облусунда дээрлик 44 пайызга көбөйгөн», -деп билдиришти Башкы прокуратурадан.