Эдил Байсалов Улуу Британиядагы элчиликти жетектеп калышы ыктымал

14:34, 27 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Блогер жана Социалдык өнүгүү министринин мурунку орун басары Эдил Байсалов Улуу Британиядагы элчиликти жетектеп калышы ыктымал. Бул тууралуу 24.kg агенттигине парламенттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, арыз Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетке келип түштү.

Эртең комитеттен отуруму болот. Эдил Байсаловдун талапкерлигин депутаттар карап чыгышат.