18:14
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Аскер прокуратурасы Дамир Мусакеевдин эмне себептен соттолгонун айтып берди

24-майда УКМКнын тогузунчу кызматынын мурунку жетекчиси Дамир Мусакеевди Свердлов райондук соту 5 жылга эркинен ажыратты.

Аскер прокуратурасынан Дамир Мусакеевдин эмне себептен соттолгонун айтып беришти. Маалыматка караганда, тергөө органдары ага УКМКнын тогузунчу кызматын жетектеп турганда, 2016-2017-жылдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Турак-жай кодексин одоно бузуп, жакын кызматкерлерге мыйзамсыз кызматтык батирлерди берип келген. Ал эми мурда кезекке туруп келген кызматкерлердин укуктары тепселген.

Аскер прокуратурасынын маалыматына ылайык, 15 батир мыйзамсыз берилген. Мындан тышкары 3 кызматкер буга чейин батир алышканы маалым болду. Ал эми 2 кызматкер тогузунчу кызматка такыр тиешеси жок болуп чыккан.

Мыйзамсыз иш-аракеттердин кесепетинен батирге муктаж жана көп убакыттан бери кезекте туруп келген 18 кызматкер үй ала алышкан эмес. Бул факт жабырлануучулардын УКМКга арыз менен кайрылгандан кийин гана аныкталган. Соттук 10 отурум болуп, 40 күбө суракка алынган.

Ал эми КСДП соттолуучунун күнөөсү сот жана тергөө тарабынан далилденген жок деп айтып жатат. Дамир Мусакеев өзү дагы бул ишти саясий тапшырык деп эсептейт.

Аскер прокуратурасы буга чейин мыйзамсыз баюу беренеси боюнча Дамир Мусакеевге кылмыш ишин козгогон. Тергөөнүн билдирүүсүндө, 2010-2017-жыл аралыгында ал жалпысынан 20 миллион сомго кыймылсыз мүлк сатып алган.

Дамир Мусакеев 2018-жылдын 4-апрелинде кызматтан алынган. Ага 31-март күнү КСДПнын курултайы өткөн «Орион» отелинин коопсуздугун Дамир Мусакеев өзү камсыз кылгандыгы себеп болушу мүмкүн экендиги айтылган.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби