Талас шаарындагы сарайдан өрт чыкты

13:29, 27 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Талас шаарындагы сарайдан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык Панфилов көчөсүндө болду.

Анда жыгач устундуу шифер жабылган 2 кабаттуу сарайдын 100 чарчы метр чатыры, 200 түк чөп жана 1 «КамАЗ» төө буурчак сабагы күйгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.