Кочкор районунда жол кырсыгы катталып, 3 киши жабыркады

12:17, 27 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда жол кырсыгы катталып, 3 киши жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка таянсак, Кочкор-Кум-Дөбө унаа жолунун 18-чакырымында «Мерседес-Спринтер» үлгүсүндөгү унаа кырсыкка кабылган.

Кесепетинен унаа оодарылып, ичиндеги үч киши жабыркады. Алар Кочкор райондук ооруканага жеткирилген.