25-май күнү катуу шамаалдан улам батут оодарылып кетип, анын кесепетинен 11 жашар бала мерт болгон, дагы үчөө жаракат алган. Алардын экөө ооруканага жаткырылды.
Дарыгерлердин билдиришинче, жети жаштагы кыз башынан жаракат алган, мээси чайкалган, кабыргалары сынган, денеси көгөргөн. 15 жаштагы баланын буту жана омурткасы сынган, бактыга жараша жүлүнгө доо кеткен эмес.
2018-жылы май айында Карагандыда катуу шамаал болуп, балдар ойноп жүргөн батут айрылып, беш бала ооруканага түшкөн. 2017-жылы Павлодарда батут оодарылып, төрт бала жаракат алган.