Бүгүн Бишкектин айрым райондорунда электр жарыгы өчөт

10:26, 27 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Бүгүн Бишкектин айрым райондорунда электр жарыгы өчөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынан билдиришти.

Оңдоо иштерине байланыштуу жарык төмөнкү даректерде өчөт:

Саат 9:00 — 17:00 аралыгында бешинчи кичи райондогу № 64, 65, 79-83 үйлөрдө, Ибраимов № 42 үйдө;

Саат 9:00 −19:00 Кирпичная, Күрөңкөев көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө, 12-кичи райондогу «ДОСААФ» автоклубунда;

Саат 9:30 — 17:00 аралыгында «Арча-Бешик» жаңы конушундагы (Абдрахманов, Садыбакасов, Набережная, Жаңы-Турмуш, Нарын, Ош-3000, Ысык-Көл, Аксы, Матисаков, Масыралиев, Сары-Камыш, Абаданов, Ак-Таң, Эшпай, Торгой, Түндүк, Бишкек-125 көчөлөрүндө), Өйдөңкү Орок, Төмөнкү Орок айылдарында;

Саат 9:30 — 18:00 аралыгында Тулөбердиев, Манас, Кокчө-Тоо көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө, «Салам-Алик» жаңы конушунда, (Күңгөй, Көк-Сай, Жерге-Тал, Ак-Муз, Кызыл-Алма көч.), «Достук» кичи районундагы № 1, 4, 5, 6, 9, 10, 9В, 10Б, 11В үйлөрүндө болбойт;

Саат 10:00 — 18:00 «Кара-Жыгач» жаңы конушунда өчүрүлөт.