Бишкектеги Жибек Жолу көчөсүнүн бир бөлүгү жабылды

08:47, 27 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарында Жибек Жолу көчөсүнүн бир бөлүгү жабылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Жибек Жолу көчөсү Чымкент көчөсүнөн Манас проспектисине чейин жабылды.

Оңдоо иштери 10 күнгө чейин созулат.