Орозбек Опумбаев УКМКнын башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды

17:51, 24 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Орозбек Опумбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Орозбек Опумбаев буга чейин УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеп жаткан.

Мамлекеттик комитеттин мурунку башчысы Идрис Кадыркулов 15-майда отставкага кеткен болчу.