Ошто аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары жол кире акыларын төлөшпөйт

17:23, 24 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Оштогу кичи автобустарга түшкөндө аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары жол кире акыларын төлөшпөйт. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаардык кеңештин депутаттарынын токтомунун негизинде төлөмдөр жүргүзүлбөйт.

Балдар тиешелүү кызматтар тарабынан жолдо жүрүү билеттерин ала алышат. Бүгүнкү күндө кик автобустар балдарды 5 сомдон ташыйт.