08:37
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Алмазбек Атамбаев көп жолу жарашууну сунуштаган. Сооронбай Жээнбеков баш тарткан

Экс-президент Алмазбек Атамбаев азыркы президентке жолугуп, сүйлөшүүнү бир канча жолу сунуштаган, бирок Сооронбай Жээнбеков баш тартып койгон. Бул тууралуу маалымат жыйында КСДП партиясынын мүчөсү Фарид Ниязов билдирди.

Анын айтымында, Сооронбай Жээнбеков макул болбой жатат. Тактап айтканда, баш тартуу «Ак үй» тараптан болууда. «Сооронбай Шарипович Атамбаевге каршы туруу маанисиз экенин түшүнгөндө туюкка кептелет», -деди ал.

Фарид Ниязов бийликтин негизги максаты-Алмазбек Атамбаев экенин айтты. Мурунку президенттин өлкөдөн да саясий аренадан да кетпей тургандыгын кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар