Экономика министри Олег Панкратов отставкага кетти

14:11, 24 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Экономика министри Олег Панкратов отставкага кетти. Бул маалыматты ал 24.kg маалымат агенттигине өзү тастыктады.

Олег Панкратовдун айтымында, анын дарегине карата акыркы кезде көп сын айтылып келет. «Жооп беришибиз керек», -деди ал.

Олег Панкратов экономика министри болуп 2018-жылы дайындалган. 2015-2017-жылдары вице-премьер-министр болуп иштеген.