Президент: Кыргызстанда ЖМК үчүн жабык тема жок

12:15, 24 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда ЖМК үчүн жабык тема жок. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков ШКУ өлкөлөрүнүн Медиафорумунун ачылышында айтты.

«Бизде мамлекеттик да, көз карандысыз да ЖМКлардын күчтүү институту түзүлдү. Өлкөдө прессага мамиле өзгөчө — ага ишенишет жана ага кулак салышат. Анткени сөз эркиндиги жана журналисттин позициясынын көз карандысыздыгы — биздин коомдун көптөн бери кармаган салты болуп калган. Пресса бизде жарандык коомдун жарчысы болуп, коомдук маанайды аныктап турат», -деди президент.

Айтымында, ЖМК жарандар жана мамлекеттик бийликтин ортосундагы диалогдун ортомчусу болуп саналат.

«Бизде журналисттердин аркасы менен бардык кабыл алынуучу чечимдер коомчулукка дароо маалым болуп турат. Эртели-кеч өлкөдө болуп жаткандын баарын адамдар ЖМКлар аркылуу билип турушат. Ошондуктан бизде ЖМК үчүн жабык тема жок десек болот. Кыргызстан — бул ачык коом», -деп кошумчалады ал.