Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт

09:06, 24 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүкэлектр» ААКдан билдиришти.

Ондоо иштерине байланыштуу жарык төмөнкү даректерде өчөт:

  • 09.00-17.00 — Үсөнбаев көчөсүндөгү № 37 үй;
  • 09.30-18.00 — Кара-Жыгач конушундагы Достоевский, Дордой, Бурана, Лев Толстой, Соң-Көл, Ысык-Көл, Исакеев көчөлөрү;
  • 09.30-17.00 — Огонбаев, Сүйүмбаев, Гоголь көчөлөрүнүн бир бөлүгү;
  • 09.30-18.00 — Фирсов көчөсүнүн бир бөлүгү, Сүлүктү туюк көчөсү;
  • 10.00-18.00 — Гагарин, Абдраимов, Шота Руставели, Балтагулов көчөлөрүнүн бир бөлүгү;
  • 09.30-19.00 — Көлмө конушундагы Мидин, Козу-Баглан, Алтын-Бешик, Долон, Жаз, Азаттык, Республика, Максат, Мыскал, Насыйкат көчөлөрү;
  • 09.30-17.00 — Арча-Бешик конушундагы Ак-Марал, Кошон, Алтымышев, Шералиев, Көпүрө-Базар, Сандык-Тор, Репин, Термечиков көчөлөрү;
  • 09.30-17.00 — Дружба, Байтик баатыр, Космический көчөлөрүнүн бир бөлүгү.