Бишкектин айрым райондорунда бир жума бою жаратылыш газы берилбейт

11:45, 23 мая 2019, Бишкек - 24.kg

23-майдан 30-майга чейин Бишкектин айрым райондорунда жаратылыш газы берилбейт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын коом менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, оңдоо иштерине байланыштуу, Бөкөнбаев, Тыныстанов, Түгөлбай Ата көчөлөрү жана Эркиндик бульвары менен чектеш аймактарда жарытылыш газы берилбейт.