Депутат эс алуу жайларындагы аттракциондорду текшерип чыгууну суранды

11:17, 23 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Депутат Марат Аманкулов Бишкектин эс алуу жайларындагы аттракциондорду текшерип чыгууну суранды. Бул маселени ал пленардык отурумда көтөрдү.

Анын айтымында, баш калаадагы 3 эс алуу жайында 80ден ашуун аттракцион иштеп жатат.

«Аттракциондорду колдонгондор көп, бирок бир көйгөй бар. Аттракцион- бул татаал техникалык жабдык. Аттракциондорду пайдалануу тартибинин регламенти, нормативдик-укуктук акт Бишкектин аймагында 2016-жылдан баштап гана иштеп баштаган. Мыйзамга ылайык, актынын күчү буга чейинкилерге тиешелүү эмес», -деди ал.

Айтымында, аттракциондордун 80 пайызы 30 жылдан бери иштеп жатат.