Бишкекте Фрунзе менен Ахунбаев көчөлөрүнүн бир бөлүгү жабылды

09:45, 23 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкекте Фрунзе менен Ахунбаев көчөлөрүнүн бир бөлүгү жабылды. Бул тууралуу Капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эки көчөнүн тең бир тилкеси жол кыймылы үчүн ачык болот.

«Фрунзе көчөсүнүн Абдрахманов менен Шопоков көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүгү жана Ахунбаевдин Шүкүров менен Койташ көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүгү жабык болот. «Бишкекжылуулук» ишканасы аталган тилкелерде түтүктөрдү алмаштыруу иштерин жүргүзүшмөкчү», -деп айтылат маалыматта.